Биз социалдык тармакта

Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактардан убактылуу четтей турууну чечти

Балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына кызуу даярданып жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары жакындап калды. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артып жатат. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда.
Мындан улам социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот деп эсептейм. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм.
Ушул себептен дос, туугандардан келип түшкөн каттарга, чакырууларга жооп бербесем кечирим сурайм. Социалдык тиркемелердеги жеке баракчамды колдонууну токтото турам", - деп жазган ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
amirrus
2021-03-18 20:04:31
Ошент алтышка ,сен олимпиададан алтын алып келишин керек...
+9
zam81
2021-03-18 20:06:18
Туура алтын кутобуз
+7
souza.j
2021-03-18 20:25:44
ИЙгилик. Алла колдосун
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан