Кыргыз өлкөсү менен Ооганстандын тышкы иштер министрлери бүгүн, 18-мартта видеоконференция аркылуу сүйлөшүштү. Анда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар учурдагы кырдаалды талкуулашты.
Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Руслан Казакбаев Ооганстан өкмөтү жүргүзгөн демократиялык реформаларды жана сөз эркиндигин, аялдардын жана улуттук азчылыктардын укуктарын коргоодогу ийгиликтерди, ошондой эле алардын өлкөсүндө тынчтыкты тез арада орнотуу үчүн көрүлүп жаткан иш-аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.
"Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук чөйрөлөрдө Кыргыз-Ооган кызматташтыгынын деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгилешти. Ооганстандагы кыргыздардын абалы боюнча тараптар инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын жашаган жерлерине мектептерди, жолдорду жана ооруканаларды куруу зарыл экенин айтышты. Ошондой эле Кыргыз мамлекетиндеги билим берүү мекемелеринде ооганстандык кыргыз балдарды окутуу жаатында биргелешкен аракеттерди көрүү тууралуу макулдашышты.
Руслан Казакбаев кесиптешине 2021-жылдын 30-мартында Өзбекстанда өтө турган министрлер конференциясына катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди".