Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери рейд учурунда түнкүсүн интернет клубдарында ойноп отурган 42 өспүрүмдү аныкташты.
Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, рейд үч күнгө уланып милиция кызматкерлери соода түйүндөрүндө, базарларда, интернет жана түнкү клубдарда, өспүрүмдөр болушу мүмкүн делинген жер төлө менен чатырларды текшерип өспүрүмдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
"Рейд учурунда өз балдарына тиешелүү көңүл бурбай, милдеттерин аткарбаган ата-энелерге карата 21 протокол түзүлдү.
Учурда жетекчилик тарабынан бул багытта ишти күчөтүү тапшырылып, өспүрүмдөр тарабынан жасалуучу жана өспүрүмдөргө карата жасалуучу кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер уланууда", - деп айтылат билдирүүдө.