Бишкекте уурулук кылганга шектелгендер үй ээсине күч колдонушкан

Бишкекте уурулук кылганга шектелип кармалгандар үй ээсине физикалык күч колдонгон. Мындай маалыматты Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлайт.

Берилген маалыматта шаар тургуну арыз менен укук коргоочуларга кайрылганы айтылат.

"10-мартта арыз ээсинин үйүнө белгисиз адамдар киришкен. Алар үй ээсине физикалык күч колдонуу менен 15 миң сомдук телефонун, банктык картасын жана 1000 сом накталай акчасын алып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип 1999-жылы жана 1997-жылы туулган балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан