Бири балдары менен чер жазып, бири бал айын өткөрүп... Түркияда эс алып жүргөн белгилүүлөр

Чет өлкөлөргө саякаттап, эл көрүү, жер таануу көпчүлүккө эле жеткиликтүү болуп калды. Аба ырайынын суук, салкын мезгилдеринде ысык өлкөлөргө барып деңиз жээгин бойлоо, сууга түшүү модага айлангандай.

Учурда Түркия мамлекетинде эс алып, убакытты кызыктуу өткөрүп жаткан шоу-бизнес өкүлдөрүнүн сүрөттөрүн топтодук.

Ырчы Джонни жубайы Айжан менен бал айын Түркиянын Алания шаарында өткөрүүдө. Түгөйлөр буга чейин бал айын башка өлкөдө өткөрүүнү пландашкан. Ырчы мырза бул жерлерге келүү кыялы болгонун, ал кыялы 31 жашында ишке ашканын айтат.

Ал эми эс алууга балдары менен чогуу баргандардын бири ырчы Аско. Ал жубайы, кызы жана уулу менен Түркиянын Алания шаарында эс алышууда.

Чыгармачылыктан алыстап кеткен ырчы Чолпонай дагы жолдошу, кызы менен Алания шаарында эс алууда.

Жогорудагы ырчылар барган шаарда карантиндик айрым чектөөлөр бар. Алсак, ишемби жана жекшемби күндөрү көчөгө чыкпоо, калган күндөрү кечки саат 9га чейин чыгууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
munarbek.92
2021-03-19 07:20:26
бироого кор дуйно бироого зар дуйно деп ушуну айт коралбастык эмес жон эле айтып койдумда
+7
bond02
2021-03-19 08:54:15
Балл айы?
0
bekhaliev
2021-03-19 09:13:33
Ушуларга эле жыргал э,Саар турмай жок кеч уктамай жок
+3
Majit1975
2021-03-19 09:35:33
Бизге эмне кызыгы бар булардын
0
zhazgul98
2021-03-19 10:54:40
Жакшы эс алып келгиле. Ишинерге ийгилик.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан