
Оор салмактагы бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, атактуу америкалык мушкер
Майк Тайсон кезектеги беттеши качан болорун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 54 жаштагы мушкер кезектеги беттеши Майамиде болорун, рингге 29-майда же 31-майда чыга тургандыгын билдирди. Ал эми атаандашы ким болорун так айткан эмес.
Белгилей кетсек, Майк Тайсон бокстун мушкерлеринин беттешүүгө даяр экендигине таасирленип, 2021-жылы беттешүүнү улантарын билдирген. Мушкер "бул жолку беттешүү өзгөчө өтөт" деп баса белгилеген. Бул билдирүүсүнө анын мурунку атаандашы Эвандер Холифилд жооп берип, аны менен кайрадан мушташууга даяр экендигин айтып чыккан.