UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө спорттук карьерасын аяктады. Бул тууралуу UFC'нин президенти Дана Уайт Твиттердеги баракчасына жазып чыкканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Ал толугу менен эс алууга кетти. Сенин иштегениңди көрүү укмуштуудай жакшы эле. Баары үчүн рахмат. Досум, мындан ары да жашооңдон ырахат ал", - деп жазган Дана Уайт.