Чүй облусунун Кемин районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү Кемин РИИБине 59 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 19-февралдан 20-февралга караган түнү сарайына белгисиз адамдар кирип, бир баш бодо малын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы мал уурулугуна шектелип 26, 29 жана 23 жаштагы үч жаран кармалды. Териштирүү учурунда кармалган жарандар Кемин районунун аймагында катталган дагы бир мал уурулугуна тиешеси бар экендиги аныкталган.
Белгилеп кетүүчү жагдай, шектүү жарандар уурдалган малды союп, колбаса чыгарган жайлардын бирине өткөрүп жиберишкени такталган. Кармалган жарандардын бири (1995-жылы туулган) убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, ал эми эки жарандын үстүнөн териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.