Жайыл районунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды

Жайыл районунан мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ноябрь айынын орто ченинде Жайыл районунун ИИБинө Фёдоровка айылынын 34 жаштагы жашоочусу К.М. арыз менен кайрылып, 17-ноябрга караган түнү белгисиз бирөөлөр арыз ээсинин сарайынан бир баш жылкысын уурдап, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.

Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомдон ашкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, бул кылмышка шектелип Москва районунда туулуп өскөн 1999-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин соттолгондугу маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү жаран уурдалган жылкыны башка жаранга сатып жибергени аныкталып, мал милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ээсине кайтарып берилген.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан