Бүгүн, 19-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары уланууда. Ат майданында Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен Оштун "Достук" командасы кез келди.
Ат майданынын чаңын көккө сапырган оюндун аягына чейин эки команда тең өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп, кимиси жеңишке жетери белгисиз болду.
Бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында, "Достук" командасы атаандашын 11:6 эсеби менен жеңип, кайрадан Жогорку Лиганын финалында Эль-Класико орун аларын көрсөтүп өттү.
Айта кетсек, буга чейин "Сары-Өзөн" - "Ынтымак" командалары кез келип, анда Таластын "Ынтымак" командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетип финалга жолдомо алган.