"Мурас" - "Достук" беттешинде жаракат алган көк бөрүчү Майрамбек Рыспеков 2-бөлүктө оюн талаасына кайтып келди

Бүгүн, 19-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын оюндары уланууда. Ат майданында Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен Оштун "Достук" командасы кез келүүдө.

Оюн алгач башталганда эле командалар бири-биринин тай казанына улак таштап кызыктуу оюн башталды. Чабуул учурунда "Достук" командасынын оюнчусу Майрамбек Рыспеков аттан кулап түшүп жаракат алып "Тез жардам" унаасы менен оюн талаасынан алып чыгып кетишкен.

2-бөлүктүн аяк жагында көрүүчүлөр Майрамбек Рыспековду кайрадан оюн талаасынан көрө алышты.

"Финалда Эль-Класико". "Достук" "Мурасты" жеңип финалга чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан