Beeline башка тармактарга чалуулардын баасын мүнөтүнө 2 сомго чейин төмөндөттү

Beeline башка тармактарга чалуулардын баасын төмөндөткөндүгү тууралуу маалымдайт: Эми бир мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 2 сомду түзөт.

Оператор башка тармактарга 30 жана 60 мүнөт номиналдары бар жана иштөө мөөнөтү 28 күндү түзгөн жаңы кошумча топтомдорду чыгарды. Баасы мурдагыдан да пайдалуу болуп калды, эми бардык салыктарды кошуп, бир мүнөткө кайра эсептегенде, мурдагы үч сомго салыштырмалуу эки сомду түзөт.

Жаңы топтомдор:

  • 30 мүнөт – 60 сом
  • 60 мүнөт – 120 сом

Кошумча топтомдор бардык тарифтик пландардын абоненттери үчүн жеткиликтүү, ал эми топтомду төмөндөгү компаниянын сайтынан өз алдынча тандап алсаңыз болот: https://beeline.kg/ru/products/services/pakety-30-minut-2.0.html

Ошондой эле февраль айынын ортосунда оператор Жаңы Бирге тарифтик пландарынын жаңы линейкасын чыгарган, ал үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн жеке керектөөлөрүн эске алуу менен атайын иштелип чыккан.

Жаңы линейканын бардык тарифтеринде башка уюлдук операторлорго чалуунун бир мүнөтү бардык салыктарды эске алуу менен 3 сомго төмөндөтүлдү, ал эми башка тармактарга бир мүнөт чалуу 2 эсе көбөйдү!

Биз абоненттерибизди жакшы көрөбүз, жана аларга Beeline байланышын колдонуу пайдалуу жана жагымдуу болушуна аракет кылабыз. Дал ошондуктан ар бир адам жаңы тарифтердин линейкасынан өзүнө ылайыктуусун табат.

Бардык тарифтер жөнүндө, өзүнө ылайыктуусун тандап, кошуу жөнүндө Мой Beeline уюлдук тиркемеси аркылуу, *535 номери боюнча https://beeline.kg/ru/products/tariffs сайтынан, ошондой эле өлкө боюнча сатуу жана тейлөө кеңселеринен кененирээк билсеңиз болот.

Beeline – Сизге жана жакындарыңызга кам көрүү менен.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан