Эки буту, бир колу иштебеген Марс Жусукеев: "Буттарын жашырып алып кайыр сурагандарды көргөндө "бутуңду сатчы" деп айткым келет"

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тагыраагы эки буту, бир колу иштебеген Марс Жусукеев Бишкек шаарынын Садырбаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн алдында колго тиккен буюмдарын жерге жайып алып сатуу менен күн өткөрүп келет.

"Жашоо сонун, адамдар ошону сезип жашашыңар керек, "менде баары жаман" деп баш түшүрүп отургандан көрө "мен эркекмин, эркекти Кудайым үй-бүлөнү багуу үчүн жараткан" деп өзүмө дем берип, колума ийне кармап ушундай жашоо турмушта керектүү буюмдарды жасайм. Бир эле колум менен тиккендиктен башында колума ийне көп сайылды, канап да кетчү, апам "кой, кармабай эле койчу" дегенине карабастан тырышып үйрөндүм. Азыр ушул эмгектеримди сатып, өзүмдүн майыптар үчүн атайын коляскамдын бузулган тетиктерине жана башка зарылчылыктарыма жеткирем. Өтүп бараткандардын бири соода кылып кетсе, экинчиси "сен өлкөбүздү уят кылып жатасың, минтип жерге жайып отурба" деп айтып кеткендер да бар. Мен кышкы суукта сызда отуруп, жайкы ысыкка чыдап ак эмгек менен нан таап жеп жатам, анын уяты жок деп ойлойм", - дейт Марс мырза.

Марс Жусукеев 1984-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда төрөлгөн. Апасы артына көтөрүп, көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп чоңойткон. 7 жашынан бери Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашайт.

"Мечиттен алган атым Муса. Буга чейин көп дары ичип дарыланчумун, сүйлөсөм да чулдурап түшүнүксүз угулчу. Мечитке барып Кудай жолуна түшүп, намазымды баштагандан бери дары ичпей калдым, сүйлөсөм да түшүнүктүү болуп калды. Бир кезде мен бир кызды катуу сүйдүм, атасы "майыпты эмне кыласың?" деген, ошондо катуу кайгыга да баткам. Айткан сөзү намысыма тийип жаңы жашоо баштагам. Азыр эч өкүнбөйм, балким, ошондо өз жанымды кыйсам бул күндөр болмок эмес. Беш айдын жүзү болду үйлөнгөм. Жубайым менен интернет аркылуу таанышып, жашап жатабыз", - дейт ал.

Айтымында, жубайынын да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген.

"Мен элден акча бергиле деп жардам сурабайм, менин тиккен эмгектеримди сатып алса ошол мага жардам болот. Кээде келип 150 сом турган буюмду 500 сомго алып кетип өз жардамын бергендер деле жок эмес. Ошол адамдарга, мени таштап кетпей чоңойткон апама жана мени айыктырып жакшы жолго салган мечиттегилерге ыраазымын", - деп өз эмгектери менен бизди тааныштырды.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.


кошулду
Эки буту, бир колу иштебеген Марс Жусукеев: "2 бутун жашырып кайыр сурагандарды көргөндө бутуңду сатчы дегим келет"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-03-21 08:26:59
Алла басып кетүүгө жардам берсин оомийин.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан