"Бавария" - "ПСЖ". Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын чүчү кулак тартуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 19-мартта Швейцарияда Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын чүчү кулак тартуу аземи болуп өттү. Анда төмөнкү жуптар аныкталды:

"Манчестер Сити" (Англия) - "Боруссия" Дортмунд (Германия);

"Порту" (Португалия) - "Челси" (Англия);

"Бавария" (Германия) - "ПСЖ" (Франция);

"Реал" (Испания) - "Ливерпуль" (Англия).

Буга чейин бул командалардын бардыгы 1/4 финалга өтүшкөн.

Чейрек финалдын биринчи оюндары 6-7-апрелде, жооптук оюндар 13-14-апрелде болот. Жарым финалдык беттештер 27-28 жана 4-5 май күндөрү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Reebok-citi
2021-03-19 19:00:44
Өтө кызык ойундарды көрөт экенбизда буйурса баардыгы соонун туура келиптир командалар
+1
Real98
2021-03-19 20:06:25
Реал & Ливерпуль, ПСЖ & Бавария реванш матчтары өрт болот
0
bayern-munchen
2021-03-19 20:12:00
Бавария-ПСЖ эн кучтуулорду туштап коюшуптур негизи Баварияга Реалдын тушуусун абдан каалаган элем Дортмундга Порту тушкондо жакшы болмок эми болоор иш болду Бавария менен Дортмундга ийгилик
0
bayern-munchen
2021-03-19 20:14:19
Бавария Челси Ман сити Ливерпуль булар кийинки баскычка чыкса керек
+1
Kanatbek-Orunbaev
2021-03-19 23:39:33
Эркекче беттеш болоткен,бечара кырг- спорт көргөзө алаар бекен,же дагы гигобайт экономдойбузбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан