Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков 3 күн Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо манас айтат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына манасчынын жубайы Ырыс Окенова билдирди.
"Сулайман-Тоодо манас айтсам деген көптөн бери тилеги бар эле. Минтип Нооруз майрамына туш келип, иш-чара бүгүн саат 12де башталды. Дөөлөт саат 13:00дөн баштап манас айтууда. Түн оогон мезгилге чейин айтса, анан эс алдырабыз. Кайра эртең менен айтып баштайт. Ошону менен үч күн айтам деп пландаган", - дейт Окенова.
Белгилей кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн өткөн жылы 13-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында тыным албай 14 саат 27 мүнөт манас айткан.