Өзгөндө ок тийип каза болгон эки адамдын окуясы: 24 жаштагы жаран кылмышка катыштыгы бар делинип кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда унаанын ичинде отурган жарандарды атып кетип, натыйжада эки адам каза болгон. Кылмышка шектүү делингендердин бири кармалганын Ош ОИИБинин маалымат катчысы ырастады.


"Өзгөн шаарындагы эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө, Өзгөн шаарынын 24 жаштагы Х.А. аттуу тургуну 41-130-беренелердин негизинде ("киши өлтүрүүгө кошо катышуу") шектүү катары кармалып, Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка шектүү башка адамдарды кармоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

Окуя 19-мартка караган түнү орун алган. Анда Өзгөн райондук аймактык ооруканасынан эки жаран ок атуучу куралдан денелеринен жаракат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган эки жаран ооруканага жеткенде каза болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүүлөрдү издөө иштери башталган. Кийинчерээк кылмыш учурунда колдонулган ок атуучу курал жана унаа табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bayern-munchen
2021-03-20 12:54:45
озбек экен
+4
amirrus
2021-03-20 13:20:00
Жигарларга анчалык эмне болду экен,булап дункуйуп алып ушундай иштерди кыла беришет
+5
tihonkg
2021-03-20 14:34:10
озгондогу озбектерди кармаган озбекти атып кетиптир деп атышат
+2
kamal777
2021-03-20 17:27:08
Кун сайын болуп турат ушундай окуялар. Же законду каттуулаш керекби.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан