Жогорку Лигада "Сары-Өзөн" командасы "Ала-Тоону" утуп 3-орунду ээледи
Бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын үчүнчү оруну үчүн оюн болуп жатат. Ат майданына Оштун "Ала-Тоо" командасы менен Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы күч сынашты.