Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип анын бир тууган агасы кармалган. Биринчи Май райондук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, соттун чечими 18-мартта чыккан.
Окуянын чоо-жайы:
17-мартта Мурас-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн жаш баланын жансыз денеси табылган. Анын моюнуна бычак сайылып каза болгону айтылган. Каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. экендиги жана эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Анын жанында дайыма бир адам болушу керек экенин, окуя болгон күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 2004-жылы туулган А.С. аттуу агасы карап калган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерден кан болгон жаздык, одеяло, ашкана бычагы, аялдын капчыгы, спорттук шым алынган.
Бул окуяга шектүү катары үй-бүлөнүн 17 жаштагы баласы кармалган. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам болгонун айткан.