Бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын үчүнчү оруну үчүн оюн болуп өттү. Ат майданына Оштун "Ала-Тоо" командасы менен Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы күч сынашты.
Бүйүр кызыткан оюнда "Сары-Өзөн" командасы жеңишке жетишип, Жогорку Лигада 3-орунду камсыздады.
Эртең, 21-мартта Жогорку жана Биринчи Лиганын финалдык оюндары орун алат. Бул оюндарды биздин порталдан түз эфирден көрө аласыздар.