Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү мейманкананын кызматкерин сабаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын февраль айында болгон. Анда борбор калаадагы мейманканалардын биринин кызматкерин белгисиз жаран сабап салган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене ("майда бейбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Окуяга шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды. Кийинчерээк белгилүү болгондой, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат", - дешти мекемеден.