Биз социалдык тармакта

Бишкекте баасы 20 миң сомдук велосипедди уурдаганга шектүү кармалды

Бишкекте 20 миң сомдук велосипедди уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришип, арыздануучу 19-мартта жардам сурап кайрылганын айтышты.
"19-мартта болжол менен саат 00:50 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө велосипед уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн. Арыз ээси уурдалган велосипеддин баасы 20 миң сом экенин, аны белгисиз жаран уурдап кеткенин билдирген.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлдү.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Taalaibek.
2021-03-21 10:36:14
Айиии бул велосипед 20 мин сомго татыбайт го. Устуно усток кошуп койгондорун кара, кудайды карасанар боло.
-1
zam81
2021-03-21 10:56:27
Базарда кочодо 5000 ден жайнап турат
-1
rysik79
2021-03-21 14:19:09
20млн уурдаган үй камагына чыгып акталса бул байкуш 10жылга кесилет көрөсүңөр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан