11-октябрда саат 20:40 чамасында Москва районунун Беловодск айылындагы көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен үйдүн 1080 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, өрт саат 23:00дө толук өчүрүлдү. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.