Бүгүн, 21-мартта Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында көк бөрү боюнча Нооруз-2021 турниринин финалдык оюндары өттү.
Буга чейин Биринчи Лиганын финалдык оюну болуп, анда Таластын "Кара-Буура" командасы Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүзүн" 2:1 эсебинде утуп, жеңүүчү аталышты.
Азыркы тапта Жогорку Лиганын финалында "Достук" - "Ынтымак" беттеши өттү.