Бишкекте каракчылык кылмышына шектүү адам кармалды
Бишкекте бирөөнүн кол баштыгын тартып алмакчы болгон адам кармалды. Шаардын 40 жаштагы тургуну К.О. өз үйүнүн жанынан 35-40 жаш чамасындагы бейтааныш адам 13-октябрда күч колдонуп кол баштыгын тартып алууга аракет кылганын айтып милицияга кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Ыкчам чара көрүлүп, Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну кылмышка шектелип колго түштү. Учурда тергөө жүрүп жатат.