Дөөлөт Сыдыковдун Ош шаарындагы үч күндүк манас айтуусу жыйынтыкталды

Ош шаарында уюштурулган үч күн манас айтуу иш-чарасы 21-мартта жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары катышып, манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы тилектерин айтышты.
Мэр Дөөлөт Сыдыковго күч-кубат тилеп, ар дайым Манасты даңазалап, кыргыздын улуулугун даңктап жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жеке үй-бүлөсүнүн атынан акчалай сыйлык тапшырып, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Белгилей кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн өткөн жылы 13-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында тыным албай 14 саат 27 мүнөт манас айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2021-03-22 09:59:54
"Манас" - элдик ой жүгүртүүнүн алтын казынасы, ал кыргыздардын тарыхындагы жана руханий турмушундагы эн бир кереметтуу тажрыйбаны чагылдырат.
0
nazira...
2021-03-22 14:01:19
Кыйраттын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан