Ош облусунун Өзгөн районунда унаанын ичинде отурган жарандарды атып кетип, натыйжада эки адам каза болгон. Кылмышка шектүү деп кармалган жарандын бири 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда бул кылмышка шектелген башка жарандарды издөө иштери улантылууда.
"Райондук сот шектүүнү 2 айга камакка алды. Териштирүү жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүүлөрдү издөө иштери башталган. Кийинчерээк кылмыш учурунда колдонулган ок атуучу курал жана унаа табылган.