Бишкекте ишкерлерди алдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 46 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылы Бишкек шаарында чала тааныш адам арыз ээсинин ишенимине кирип, ийри өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алганын жазган. Кылмышка шектүү жабырлануучуга экскаваторду сатып алууну сунуштап, алдын ала төлөм катары 10 миң долларын алган.
"Андан соң жабырлануучу алданып калганын билбей, көп убакыт күткөн. Кийинчерээк жабырлануучу кылмышкердин ким экендигин билгенден кийин укук коргоо органдарына кайрылууну чечкен.
Милиция кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жарандын аты-жөнүн такташкан. Шектүү Нарын облусунун Жумгал районунун 1986-жылы туулган тургуну экендиги аныкталды. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.