UFC спорттук уюму Хабиб Нурмагомедовду бардык рейтингдеринен четтетти

UFC спорттук уюму орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду бардык рейтингдеринен четтетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, эми UFC спорттук уюмунун расмий сайтынын рейтингинен Нурмагомедовдун атын көрүү мүмкүн эмес. Буга чейин Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.

Нурмагомедов категорияларына карабастан UFC спорттук уюмунун рейтингинде биринчи сабын ээлеп келген. Эми америкалык мушкер Жон Жонс алдыңкы саптан орун алды. Ал эми жеңил салмактагы титулдун башында Дастин Порье турат.

24-октябрда Нурмагомедов UFC турниринде америкалык Жастин Гейджини утуп, жеңил салмактагы титулун коргогон. Мушташтан кийин орусиялык мушкер өзүнүн карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган. Нурмагомедовдун айтымында, ал апасына бул акыркы мушташ болот деп убада берген, анткени апасы жанында атасы жок беттеш өткөрүүсүн каалабаганы себеп болгон.

Эске салсак, 2020-жылдын июль айында коронавирустан атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомед каза болгон.

Жалпысынан 32 жаштагы мушкер аралаш мушташ боюнча 29 беттеш өткөрүп, бир дагы жеңилүүгө учураган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bolotbek9191
2021-03-23 21:24:54
Дана Уайтка акча керек экенин корсотту
-1
Nuuman
2021-03-23 23:39:55
Bolotbek9191, Дана уайт тиешеси жок. Хабиб юфс менен контракты үздү. Демек ал рейтингден чыгыш керек да. Мисалы: 5 класста Асан деген бала жакшы окуйт, отличник. Бирок ал башка мектепке которулуп кетсе деле Асанды отличник деп айтпайт да. Ал эски мектебинен толугу менен чыгарылат.
+1
nur_zhoni
2021-03-24 12:26:46
Nuuman,кайсы мектепке которулду асан
0
Shekeev969798
2021-03-24 18:40:06
nur_zhoni,асан апасына окубайм деп соз берип мектептен чыгып жайлоого кетти)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан