ЦСКА футболдук клубуна жаңы машыктыруучу дайындалды

"Бавария" футболдук клубунун мурдагы оюнчусу, хорватиялык адис Ивица Олич орусиялык ЦСКА футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Маалымат аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, 41 жаштагы машыктыруучу өз кызматына 23-марттан тартып киришип, алгачкы машыгуу жыйынын өткөрдү. Анын ордундагы Виктор Гончаренко менен түзүлгөн келишим 22-мартта жокко чыгарылган.

Олич 2004-2006-жылдары ЦСКА клубунун курамында ойноп, 112 оюнда 41 гол жаратканга жетишкен. Бул аралыкта ал 3 ирет футбол боюнча Орусия чемпиондугун, 1 жолу УЕФА Кубогун жеңип алган.

ЦСКА клубу Орусиянын Премьер-Лигасында 40 упай топтоп, 5-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан