GMW-2021: "Керемет Банк" кереметтүү нумизматикалык көргөзмөгө чакырат

Өтүп жаткан аптада дүйнөнүн 175 өлкөсүндө, жаштар арасында каржы сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Global Money Week (GMW) деген аталыштагы масштабдуу билим берүү кыймылы старт алды. Кыргызстандагы “Акча дүйнөлүк күнү” Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдоосу алдында жүзөгө ашырылып келет.

Салтка ылайык, "Керемет Банкта" GMW ачылышынын алгачкы иш-чарасы катары нумизматикалык көргөзмө чыккан. Сунушталган “Монеталар фауна дүйнөсүн коргоодо турат” экспозициясы – жаныбар дүйнөсү өкүлдөрүнүн сүрөттөлүштөрүн чагылдырган 15 мамлекеттин 150дөн ашык монеталары менен кынатталган.

Эгерде илгерки замандарда, монетадалардагы башкы каарман катары ылайыкташып келген жандыктар жана алардын атрибуттары саналган болсо, орто кылымда – адамдар мергенчилик кылган жаныбарлар берилген, ал эми биздин күндөрдө - аларда Кызыл китепке киргизилген жаныбарлар чагылдырылат.

Жапайы жаратылыш Дүйнөлүк фондунун (WWF) отчётунда, акыркы 50 жыл аралыгында адам баласынын ишкердигинен улам жаныбарлар популяциясынын саны эки эсеге кыскарып кеткен деп берилген. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырган көйгөйлүү маселелердин бири - айлана-чөйрөнү сактоо эсептелет.

Заманбап медальердик искусство – ал жөн гана ойлонуштурулган дизайн жана мыкты аткаруу эмес, ар кыл дүйнөлүк көйгөйлөргө көңүл бурдурган агартуучулук курамдуулук дагы болуп саналат. Дээрлик баардык мамлекеттер өздөрүнүн коллекциялык жана жүгүртүү монеталарын курчап турган чөйрөнү коргоого арнап келишет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын арсеналында коллекциялык зооморфтук монеталар дагы бар, алар дагы "Керемет Банк" ААКсынын “Монеталар фауна дүйнөсүн коргоодо турат” нумизматикалык көргөзмөсүн татыктуу көрктөндүрүп турат.

Ачылыш аземине шефттикке алынган М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университеттин "Банк иши жана камсыздандыруу" кафедрасынын окутуучусу Табышова Адиля Койчукеевна баштаган студенттер келди. А.К. Табышова алган таасири менен бөлүшүп жатып: "Каржылык сабаттуулук келечектеги адистер үчүн өтө чоң мааниге ээ. Мындай иш-чаралардын жүрүшүндө алынган практикалык жана теориялык билим студенттердин кесипчилик жана жеке жашоосуна сөзсүз кереги тиет" - деген оюн айтты.

Банк көргөзмөнү уюштурууга кошкон салымы үчүн – кесипкөй нумизмат жана археолог, монеталар топтомун сунуштаган, тарых илимдеринин кандидаты Александр Михайлович Камышевге терең ыраазычылыгын билдирет.

“Жапайы жаратылыштын жашоочуларын жоктоо менен азыркы кезде жаныбарлардын сүрөттөлүштөрү камтылган монеталарды чыгаруу туура болсо керек, анан дагы келечек муундар жок дегенде бир кездерде Жер шарын байырлаган кооз куштарга, жаныбарларга жана балыктарга суктана алышат", - дейт Александр Михайлович.

Нумизматиканы баалоочуларын жана билермандарды 2021-жылдын 26-мартына чейин Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40/4 дареги боюнча саат 8:30дан тартып 17:00го чейин ачык болгон кереметтүү көргөзмөгө чакырабыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан