Жабыркагандар жок. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү

Кечээ, 23-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, саат 17:00 чамасында Нарын облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Кара-Үңкүр тилкесинде көлөмү болжол менен 40 метр куб кар көчкү түшкөн.

Анын ичинен унаа жолго 15 метр куб кар көчкү түшкөң, бирок унаа жол жабылган эмес. Жабыркагандар жок. Билдирүүдө тазалоо иштерине 5 кызматкер тартылганы жана алардын жардамы менен саат 18:30да унаа жол тазаланып, толук түрдө ачылганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан