ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Бука-Чаткал жолунун абалы мышык ыйлагыдай" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман кайрылды. Анда ал Ала-Бука-Чаткал жолунун абалы начар экендигин айтып, маселени чечип бере алчу аткаминер барбы деп суроо салды.

"Ала-Бука жана Чаткал алтынга бай район. Жолдорду караңыз, мышык ыйлагыйдай абалда. Парламенттик шайлоодо депутаттар кыйратабыз деп келишет ошол чиновниктер азыр келип жолду көрүшпөйбү?

Бул жолго айына 11 тонна солярка бөлүнөт экен. Эмнеге жол сүрүлбөй жатканын териштирген, аягына чыгып чечип бере турган бир чиновник барбы? Элдин эсебинен айлык алышат, жолду чечип бербей эмне жумуш жасап жүрөт? Ала-Бука-Чаткал жолунун онунчу чакырымынан баштап 80-90-чакырымына чейин жолдун абалы ушул", - деп кайрылган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ала-Бука - Чаткал жолу качан оңдолот?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oopapa
2021-03-24 20:24:15
Супер эмне учун ватсап номеринер иштебейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан