Аламүдүн районунда оор кылмышка шектелген адам кармалды
Чүй облусунун Аламүдүн районунда адам өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. 11-октябрда Беш-Күңгөй айылындагы "Приборист" дачасынан бир адамдын жансыз денеси табылган. Аламүдүн РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери менен Чүй ОИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү 58 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун кармашты. Кылмыш спирт ичимдигинин кесепетинен келип чыкканы белгилүү болду. Учурда тергөө жүрүүдө.