Ош шаарда бокс боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат. Мелдеш 23-март күнү старт алганын Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2005-2006-жылдарда төрөлгөн уландар жана кыздар арасында Кыргыз өлкөсүнүн биринчилиги башталды. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, эл аралык даражадагы калыстар тобу жана спортчулар катышты.
Вице-мэр Эмиль Шадыханов жалпы боксчуларга ийгилик каалап, күчтүүлөр жеңсин деген каалоосун айтты. Ошондой эле билеги күчтүү спортчулар башка мамлекетке барып Кыргыз мамлекетинин желегин желбиретип, намыска жарап жүрө бергиле деп кошумчалады.
Бокс боюнча биринчиликке өлкөнүн 7 облус, эки шаарынан 300гө жакын спортчулар келишти, мелдеш 27-мартка чейин уланат.