"Жебе" тобунун мурдагы солисти, ырчы Самат Муратбеков репертуарын "Жемелебе өзүңдү" деген жаңы ыры менен толуктады. Ырчы бул композициясын жубайына арнаганын айтты.
"Мындан 2-3 жыл мурда кырсыктаганбыз. Ошого жубайым өзүн күнөөлүү сезип, азыркыга чейин кыжаалат боло берет. Ага кыжаалат болуунун кереги жок экенин, эч ким күнөөлүү эмес экенин айтып келем. Жубайымды тынчтандыруу үчүн ага арнап ушул ырды жаздырдым", - дейт ал.
Самат Муратбековдун "Жемелебе өзүңдү" ырын шилтеме аркылуу өтүп уга аласыз.