“NurzamanKidsRun” – бул салтка айланган “Бакай Банк Жаз Деми” жарым марафонунун алкагында өтө турган эң жаш спорт сүйүүчүлөрү үчүн балдар жарышы.
Өтө турган күн: 04.04.2021-жыл.
Жери: Бишкек шаары, “Аска-Таш” мемориалдык комплексинин айланасы.
Уюштуруучу: “NomadSport” коомдук уюму.
Бул иш-чаранын максаты – жаш муундун арасында спортту жайылтуу, балдардын кыймылдуулугун өнүктүрүү жана унутулгус эмоцияларды тартуулоо. Биз баарын балдар үчүн үлгү болуп, дени сак жашоо образын түзүүгө үй-бүлөсү менен биргеликте катышууга чакырабыз.
100, 200 жана 500 метр аралыгында өтө турган жарышка 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар катыша алат. Дистанция баары үчүн ачык болуп, жаш курагына жараша топторго бөлүнбөйт.
“NurzamanKidsRun” балдар жарышына катталуу 3-апрелге чейин уланат. (Бирок белгилүү лимит толуп калса каттоо алдын ала жыйынтыкталып калышы мүмкүн).
Катышуу акысы:
Онлайн – 300 сом. Каттоо расмий сайтта жүргүзүлөт. Онлайн катталуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.
Оффлайн – 350 сом. Токтогул көчөсү 171/1 дарегинде жайгашкан Дос-Кредобанк имаратында жүргүзүлөт. 4-кабат, “NomadSport” кеңсеси.
Жарыштар тууралуу кеңири маалыматты www.nomadsport.net сайтынан алсаңыз болот.