Свердлов районунда мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды

Бишкектин Свердлов райондук администрациясынын мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башкы инспектору 1100 доллар жана 4 миң сом пара алган деп айыптап, Бишкек прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады. Бишкек шаарынын прокуратурасына "Д" ишканасынын башкы эсепчиси Л.У. арыз менен кайрылган. Компаниянын 2012-2013-жылынын планындагы каржылык ишмердигин текшерген учурда кызматкер аталган эсепчиден 1200 доллар сураган. Прокуратуранын кызматкерлери 9-октябрь күнү "Д" ишканасынан Ю.Э. аттуу кызматкер пара алып жаткан учурда колго түштү. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан