Таласта жасалма ПЦР анализдерин сатып жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Кара-Буура жана Манас районунун аймагында белгисиз адамдар автотранспорт айдоочуларына COVID-19 ПЦР анализинин жасалма жыйынтыгын мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн сунуштап, 500 сомдон бир жарым миңге чейин сатып жүрүшкөндүгү жөнүндө Манас райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан тез татым башыруучу имаратында Э.А. аттуу жаран жасалма ПЦР анализдерин 1500 сомго сатып жүргөндүгү аныкталган.
18-март күнү шектүү иштетип жаткан тез татым имаратына тинтүү жүргүзүү учурунда, тез татым бышыруучу имараттын ичинен жасалма ПЦР тесттер табылган. Андан тышкары бул кылымыш ишине Манас районунун Май айылынын тургунунун катыштыгы бар экендиги аныкталган. Анын үйүнө дагы тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук жана принтер табылган.
Тактап айтканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ПЦР анализинин жыйынтыгынын үлгүлөрүн өзүнө таандык ноутбугуна интернет тармагынан жүктөп алып, аларды жарандардын атына жасалмалап даярдап, түстүү принтердин жардамы менен басып чыгарып жогорудагы шектүү аркылуу жарандарга сатып жүргөн.
Аталган факты Манас РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда шектүү жарандар тергөөдө сурак беришүүдө. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.