Ташкентте Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү башталды

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Өзбек делегациясын Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын учурунда эки өлкө башчысы өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү тууралуу макулдашкан, аларды жакын арада жыйынтыктоо пландаштырылууда

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан