Ош облусунда сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштурган 47 жаштагы аялга сот өкүм чыгарды. Чечимди Ош шаардык соту 1-мартта чыгарган. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Окуянын чоо-жайы:
Д.А.С. аттуу аял 2021-жылдын 3-февралынан тартып Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде орун алган көп кабаттуу үйдөн батир ижарага алып, сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштуруп, 4 аялды иштетип жүргөнү аныкталган.
Атайын ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 5-февраль күнү милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда батирдин ичинен аял миң сом накталай акча алып жаткан жеринен кармалып, протокол түзүлгөн. Батирди тинтүү учурунда 25 даана ачылбаган презерватив жана 1 даана колдонулган презерватив табылган.
Айыпталуучу 1974-жылдын 9-августунда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган, Кыргыз жараны, ажырашкан, жогорку билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт. Учурда Ош шаарынын тургуну, мурда соттолгон эмес.
Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнга алган.
"Мен 2-февралда Бишкек шаарынан Ош шаарына келгем. Бул жактан ижарага батир алып, өзүмдүн курбу кыздарым менен биргелешип атайын жыныстык кызмат көрсөтүү үчүн көмүскө жайды түзүүнү сүйлөшүп иштетип баштаганбыз. Андан түшкөн акча каражаттарды өз кызыкчылыгыбызга иштеткенбиз. Бул ишке жашоо-шарттын оордугунан, акча каражатка муктаж болгондон улам бардык.
Ошентип 3-февраль күнү ижарага алган батирге бир бала кардар болуп келди, андан соң көрсөткөн кызматыбыз үчүн акча каражатын берди. Ал бала кеткенден кийин эле милиция кызматкерлери кирип келди. Кылган кылмыш ишиме өкүнүп, соттон кечирим сурайм. Мындан ары кылмыш жолуна барбайм, камакка байланышпаган жеңил жаза чектеп бериңиздер", - деп билдирген ал.
Ал эми башка кыздар соттук отурумга келе албаганына байланыштуу алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катышкан.
Өкүм: