Жалпы көлөмү 8 тоннадай. Лейлекте күйүүчү майларды мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан унаалар кармалды

Күйүүчү жана майлоочу майлардын аткезчилик жүктөрүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-мартта Лейлек районунун "Коргончо" чек ара бөлүгүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды (болжол менен дизелдик күйүүчү май) алып өтүүгө аракет жасоо учурунда жасалма мамлекеттик номер менен коңшу республикалардын биринде каттаган эки Хюндай-Старекс унаасы кармалды.

"Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга контейнерлер үчүн унаалардын кузовдорун атайын жасалгалаганы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн. Учурда бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Лейлекте күйүүчү майларды мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан эки унаа кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2021-03-25 18:48:40
Баткендик туугандар озунор чек араны чечпейт деп чурулдайсынар анан бул жагы эмне кылганынар откондо бир контробандисти колдоп УКМК атыштынар уят эми ачтан олуп баратсанар дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан