Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-мартта Октябрь РИИБине калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анда 6-февралда А. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, баасы 6 миң 500 доллар турган Honda Accord унаасын, 18 миң долларлык Lexus GX470 унаасын жана дагы бир 18 миң доллар турган Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаасын сатып берем деп убадасын аткарбай качып кеткенин жазган. Кийинчерээк жогоруда аталган унаалар үчүнчү жактарга сатылып, алынган каражаттарды жеке муктаждыгына жумшаганы аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектелип 1988-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Анын ушул сыяктуу дагы төрт кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги белгилүү болгонун кошумчалашты.