Аламүдүн районунда фермадан 7 килограмм баңгизат табылды
10-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылында милиция кызматкерлери чарбалык ферманы текшерүүгө алып, ал жерден 7 килограмм баңгизат табылды. Ферманын ээси 39 жашта. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Соттук-химиялык экспертизанын бүтүмү менен баңгизат каражаты марихуана экендиги аныкталды. Учурда факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.