Үйгө бычак жана балта менен киришкен. Токмокто каракчылыкка шектелип 21 жана 23 жаштагы балдар кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Токмок ШИИБине каракчылык фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, белгисиз эки адам 69 жаштагы жарандын үйүн тоношкону белгилүү болгон. Шектүүлөрдүн колунда бычак жана балта болгон. Аларды көрүп калган кожоюндарга активдүү каршылык көрсөтүшкөнү аныкталган.

Тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүүдө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп эки адам кармалган. Алар Нарын облусунун 21 жаштагы тургуну жана Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kuban-1207
2021-03-25 19:36:21
Сакалыңды урайын
+5
Baatirbek81
2021-03-25 20:22:48
Kuban-1207,ошону атсаң
Түрүнө келиштирип(((
0
Belek1710
2021-03-25 21:04:08
Сакалың өрттлнгүрдүкү
0
JaneEr
2021-03-25 22:21:17
Жалкоо болуп иштебей журот ушинтип каракчы болуп жигиттер
+1
Sakubek
2021-03-25 23:54:50
Кечээ турмодон чыккандар болуш керек
-1
Nargiz3726
2021-03-26 00:40:05
Бишкектеги 5-класстын окуучусун деле ушулар өлтүрсө керек анда,милициялар издешпей эле агасын күнөөлөп койушкан го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан