Баткен облусунун аймагында мыйзамыз сакталып турган контрабандалык жүк алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-мартта Баткен районунун Кара-Бак айылында жайгашкан кампада тергөө иш-аракеттери жүргүзүлдү.
"Тергөө иштерин жүргүзүү учурунда, кампанын ээсине таандык мыйзамсыз сакталган 212 кап жем, 149 кап арпа, 126 кап буудай жана 77 кап жүгөрү табылып алынды.
Мындан сырткары кампаны тинтүү иштеринин жүрүшүндө ошол эле айылдын тургунуна таандык 40 тоннага жакын жем, 128 кап селитра жана 158 кап минералдык жер семирткичтер табылган. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.