Бишкекте милиция кызматкерлери капчык уурдаган жаранды кармады. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
5-март күнү түш чендерде шаар тургуну "Ош базарынан" капчыгын уурдаткан. Капчыктын ичинде акча жана документи болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын негизинде, шектүү катары 1979-жылы туулган жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери башталган.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка иштерге тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.
Урматтуу жарандар кимде-ким шектүүдөн жабыркаган болсо, төмөнкү номерлерге байланышууну өтүнөбүз.
Байланыш телефону: 0 (312) 352-605, 0 (312) 352-947, 0 (702) 865-027.