2020-жылы милициянын кайгуул кызматы 206 миң протокол толтуруп, 316 миллион сом айып салган

Коомдук кеңеш Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун ишмердүүлүгүн талкууга алды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
2020-жылдын 12 ай ичинде милициянын кайгуул кызматы тарабынан “102” кызматынан келип түшкөн 62 миң 83 чалуу тейленген. Алардын ичинен 37 миң 821 тастыкталгандар болсо, 24 миң 262 тастыкталган эмес. Алар тарабынан 550 кылмыш менен 2190 жоруктун бети ачылган. Ал эми жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн 206 миң 247 протокол толтурулуп, 316 миллион 795 миң 500 сом айып салынган. Бишкек шаары боюнча 2020-жылдын 12 ай ичинде 2183 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 72 адам каза болсо, 2860 адам жабыр тарткан.
“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу долбоорунун негизинде, 2019-жылдын 4-мартынан баштап 2021-жылдын 16-мартына чейин 2 миллион 216 миң 823 бузуу жөнүндө токтом чыгарылып, 1 миллион 440 миң 618 токтом төлөнүп, 1 575 619 850 сом өндүрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан