23-мартта Ош облусунда мугалимди атып кетишкен. Аталган кылмышка шектүү жаран кармалганын Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-март күнү эртең менен Ош шаарынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Кармалган адам 1958-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну. Ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "пайда көрүү максатында киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Кылмыш жасаган соӊ ал эски тааныштарынын биринин үйүндө жашынып жүргөн жеринен кармалды. Учурда шектүүнүн берген көрсөтмөсүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган жаӊы жагдайлар боюнча кошумча маалымат берип турабыз", - деп билдиришти Ош шаардык милициядан.
Эске салсак, 23-март күнү Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүнүн жол боюнан жашы 35теги жарандын жансыз денеси табылып, аны атып кеткени маалымдалган. Ал шаардагы мектептердин биринде информатика сабагынан мугалим болуп эмгектенип келген.