Финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча Олимпиадалык курама командасы кезектеги беттешин өткөрдү

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча Олимпиадалык курама командасы 25-мартта Үч улуттун Кубогу мелдешинде кезектеги оюнун өткөрдү. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, беттеш Катманду шаарынын "Дасаратх Рангасала" стадионунда өттү. Анда Кыргыз курамасы Непал курамасына каршы ойноду. Жыйынтыгында оюн тең чыгуу менен аяктады.

Кыргыз курамасынын финалга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн 27-мартта Бангладеш-Непал беттешинде Непал курамасы Бангладешке жеңилүүсү керек. Мындай учурда Кыргыз курамасы Бангладеш менен финалдык оюнда кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adylbek1987
2021-03-27 06:58:50
Алгаа жигиттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан