Кыргыз өлкөсүнө малдын жана тоңдурулган балыктын ири партиясын мыйзамсыз ташып кирип жаткандар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө жайына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБ өлкөлөрүнө уруксат берүүчү документтери жок тоңдурулган балыкты, ири жана майда мүйүздүү бодо малды ташып кирүү фактылары аныкталды.
"Тактап айтканда, Кыргыз өлкөсүнүн аймагына 367 баш ири мүйүздүү малды, 162 майда мүйүздүү малды жана 20 тонна тоңдурулган балыкты мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Импорттоочуларда коштоочу документтер жана товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес. Бул иш мыйзам чегинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко берилди", - деп билдиришти Салык кызматынан.